Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:45

Грузияда мурдагы Ички иштер министри камалды


Тбилисиде кечээ кечинде өлкөнүн мурдагы ички иштер министри Бачо Ахалая “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган болушу мүмкүн” деген шек менен камакка алынды. Анын адвокаты журналисттерге билдиргендей, Ахалаяны прокурорлор “айрым адамдарга начар мамиле жасаган” деп үч сааттай суракка алышты.

Быйыл сентябрда Грузиядагы түрмөлөрдүн биринде кызматкерлер камактагыларды сабап, сексуалдык кордук көрсөткөн видео интернетке жарыяланып кеткенден кийин Ахалая кызматтан кеткен. Ошол видеону тарткан түрмө сакчысы кийинчерээк ага окуяны тасмага тартууну буйругандардын артында министр өзү турганын айткан.

Президент Михаил Саакашвилинин жакын санаалашы катары белгилүү Ахалая 1-октябрдагы шайлоодо оппозиция уткандан кийин Грузиядан чыгып кеткен эле. Дүйшөмбүдө ал мекенине кайткан. Азыр эми өзүнө тагылып жаткан айыпты “акылга сыйбаган жорук” деп атады.

XS
SM
MD
LG