Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Францияда кумсалардын бала асыроосуна жол ачкан мыйзам даярдалды


Франция өкмөтү бир жыныстагы адамдардын расмий баш кошуусуна жана андай түгөйлөрдүн бала асыроосуна уруксат берген мыйзам долбоорун жактырды. Долбоор январь айында парламентте талкууланмакчы. Президент Франсуа Олланд шайлоо алдында бул маселеге көп көңүл буруп келген. Анын айтымында, долбоор мыйзамда каралган адамдар үчүн эле эмес, “бүтүндөй коом үчүн алга жылуу болуп эсептелет”. Оппозициядагы оңчул партиялар, христиан, мусулман жана жөөт уюмдары жаңы жобого каршылыгын билдиришүүдө. Европанын бир катар өлкөлөрүндө гейлердин бала асыроосуна уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG