Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Бүгүн Гүлчехра Валиулинанын сөөгү жерге берилет


Бүгүн Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлчехра Валиулинаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот. Ага Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев баштаган бир катар маданият ишмерлери катышат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Искусство жана кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Тыныбек Сыдыков билдирди.

- Гүлчехра Валиулина Кыргызстанга 1940-жылы 17 жашында ата-энеси менен Орусиядан көчүп келген. Ошол эле жылы Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияга ишке кирген. 1944-жылдан тартып ырдай баштаган. Филармонияда 1978-жылга чейин иштеп, пенсияга чыккан,-деди Сыдыков.

Валиулина кечээ 11-январда 91 жашында дүйнө салды. Кыргыз маданиятына салым кошкон ырчы 1923-жылы 23-августта Орусиянын Челябинск облусунда жарык дүйнөгө келген. (ST)

XS
SM
MD
LG