Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Маданият кызматкерлери нааразылык иретинде флеш-моб өткөрөт


Кино жана театр кызматкерлери бүгүн өкмөт үйүнүн жанында маданият тармагына көңүл бурууга чакырган флеш-моб өткөрөт. Театрлаштырылган акцияда алар “Эсил-кайран маданият!” деп өкүрүк салышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аны уюштуруучулардын бири, белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров билдирди.

Акцияга чыккандар кай бир кишини кызматтан алуу же башка бирөөгө мансап берүү сыяктуу талаптарды айтышпайт. Тек гана маданият тармагы аксап калганын, бийлик ага көңүлкош мамиле кылып жатканын белгилешет.

Флеш-моб кинорежиссер Садык Шер-Нияз, Эрнест Абдыжапаров баштаган маданият кызматкерлеринин катышуусунда өтөт.

Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына 3-апрелде мурдагы вице-премьер-министр Камила Талиева жетекчи болуп дайындалган. Бирок бул дайындоого айрым маданият кызматкерлери каршы экендиктерин билдирип келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG