Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Кыргыз жана казак өкмөт башчылары мунай маселесин талкуулады


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен казак өкмөт башчысы Карим Масимовдун жолугушуусу 12-июлда чек арадагы “Ак жол”-“Кордай” өткөрүү пунктунда болду. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда мунай жана мунай азыгын Кыргызстанга экспорттоо, Казакстанга эт сатуу маселеси, ошондой эле “Түз инвестиция боюнча кыргыз-казак фондун активдештирүү" жаатында сүйлөшүү болду.

Жыйынтыгы боюнча толук маалыматты өкмөт кийинчерээк кабарлай турганын билдирди.

Казакстан аймагында 30 миң тоннанын тегерегинде Орусиядан Кыргызстанга келаткан күйүүчү май өткөрүлбөй турат. (SE)

XS
SM
MD
LG