Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Ташиев Улуттук оппозициялык кыймылдан чыгарылды


Кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” билдиргендей, Камчыбек Ташиев мурда айтып келген позициясынан тайып, президент Алмазбек Атамбаевдин идеяларын колдой баштаганы үчүн оппозициялык топтун катарынан чыгарылды:

- Бул чечимди Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөлөрү кеңешип кабыл алды. Камчыбек Ташиевди оппозициялык саясатчы катары колдогон он миңдеген тарапкери жана УОКтун мүчөлөрү менен кеңешпей туруп өзүнүн саясый көз карашын өзгөрткөндүктөн биз аны кыймылдан чыгардык.

УОКтун теңтөрагасы катары айтылып келаткан Камчыбек Ташиев бул боюнча пикирин билдире элек.

9-июлда Камчыбек Ташиев НТС телеканалына курган маегинде 2012-жылдын 3-октябрындагы митингде Ак үйдүн тосмосунан ашканы мыйзамсыз болгонун айтып, азыркы президенттин айрым аракеттерин колдоорун билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG