Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Апрель соту: Бакиевдер өмүр бою кесилди


Бишкек гарнизонунун Аскердик соту мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Мамлекеттик Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев жана мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратты. Ал эми президенттин уулу Марат Бакиев 10 жылга эркинен ажыратылды. Алар 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деп табылды. Судья Дамир Оңолбековдун айтымында, соттук териштирүү жүрүшүндө Бакиевдердин күнөөсү толугу менен далилденди.

Апрель соту боюнча өкүмдү угуу апта башында башталган.(BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG