Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Москвада Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылыгы талкууланат


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде бүгүн Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылыгына арналган жыйын өтөт. Алгач акындын өмүр-таржымалы жөнүндөгү даректүү фильм көрсөтүлүп, андан соң Дүйшеевдин акыркы эмгектеринин бири болгон “Агындылар” китебинин айланасында талкуу уюштурулат. Ошондой эле бүгүнкү кыргыз адабияты тууралуу ой-пикирлер ортого салынат. Иш-чараны элчилик “Кыргыз көчү” тобунун Москвадагы мүчөлөрү менен бирге өткөрөт.

Адабий чогулуш Кыргызстандын эгемендик майрамына карата чет жердеги кыргыздар арасында улуттук маданиятты жана эне тилди сактоо максатында уюштурулууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” элчиликтин 2-катчысы Айымкан Кулукеева кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG