Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Порошенко: Орусиялык аскерлер Украинага басып кирди


Орусиялык аскерлер Украинага басып кирди. Бул жөнүндө украин президенти Петро Порошенко билдирди. Анын алдында Украинанын түштүк-чыгышындагы Новоазовск шаары орус аскерлеринин колуна өткөнү кабарланган. Буга байланыштуу Порошенко 28-августта Түркияда башталчу сапарын токтотту жана Донецк облусундагы “курч кырдаалды” талкуулоо үчүн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешин чакырды. Украинанын коопсуздук кеңеши 28-августта орусиялык аскерлер Новоазовск шаарынан башка Новоазовск, Старобешевский, Амросиевский райондорундагы бир нече эл жашоочу жайды басып алганын Твиттерде жазды. Орусия тараптан эки колонна аскер киргенден алдың Новоазовсктын четиндеги украин аскерлери “Град” системасынан аткыланды, деп айтылат Твиттердеги маалыматта.

Батыш өкмөттөрү Москваны Чыгыш Украинага аскер киргизди деп күнөөлөштү. Москванын ырасташынча, орусиячыл жикчилдерге курал бербеген жана Украинага аскер жөнөтпөгөн.

XS
SM
MD
LG