Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Чүйдө буулган жол ачылды


Жол тосуу акциясы. Жергиликтүү тургун Алижан Насыров тарткан сүрөт. 28-август, 2014-жыл.
Жол тосуу акциясы. Жергиликтүү тургун Алижан Насыров тарткан сүрөт. 28-август, 2014-жыл.

“РедМет” кен казуу компаниясынын жумушун токтотууну талап кылып, Чүйдүн Панфилов районундагы Бишкек - Чалдыбар унаа жолун бууп тургандар акцияны токтотушту. Алар менен өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Исаев жолугушуп, алардын талаптары эки күн ичинде чечилерин айткандан соң, топтолгондор жолду ачышты. Акция катышуучулары эки күн аралыгында тоо кен компаниясы техникаларын Чоң-Кайынды капчыгайынан алып чыгып кетпесе, кайра акцияга чыгышарын эскертишти.

Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын тургундары Чоң-Кайынды капчыгайында “РедМет” тоо-кен казуу компаниясынын жумушун токтотуу талабы менен бүгүн түшкө жакын Бишкек - Чалдыбар жолун тосушкан. Алар компаниянын жумушу экологияга коркунуч алып келерин айтып жатышат.

Расмий маалыматка ылайык, жол тосууга 300 чамалуу адам катышты. Ал эми митингге чыккандар 800дөй киши келгенин айтууда. Акциядан улам жолго ондогон унаалар топтолуп калды. Көпчүлүгү эл ташыган кичи автобустар.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү “РедМет” компаниясы кыргызстандык жеке ишкерге таандык экенин билдирүүдө. Ишкана өкүлдөрүнөн комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок. (SE/EBM)

XS
SM
MD
LG