Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Украинада кармалган орус офицерлери мекенине кайтарылды


Украинада кармалган тогуз орус офицер үйлөрүнө кайтып келди. Бул тууралуу орусиялык маалымат агенттиктери жазып чыкты.

Костромадагы аскер бөлүгүнүн он офицери Украинанын аймагында кармалганын бул өлкөнүн Коопсуздук кеңеши 26-августта билдирген. Андан соң алардын бири, оор жаракат алган Артем Кузьмин аттуу десантчы кое берилип, Петербургдагы ооруканага жаткырылган. Ал эми калган тогузу Киевде кармалып, Украинанын аймагына кандайча өтүп кеткени боюнча сурак берип жатышкан. Украинанын күч кызматтары алар күбө катары суралып жатканын кабарлаган.

Орусиялык “Дождь” каналына маегинде бошотулган десантчылар Украинанын чыгышында туткунга түшүп калган украиналык аскерлерге айырбашталганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG