Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Түлеевдин соту 9-сентябрга жылды


Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин бүгүнкүгө белгиленген соту 9-сентябрга жылды. Буга айыпталуучулардын бири мурдагы вице-мэр Валерий Карниенконун ден соолугуна байланыштуу сотко келбей калганы себеп болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын төрайымы Ирина Воронцова билдирди.

Түлеевдин соту былтыртан бери түрдүү себептерден улам артка жылдырылып келет.

Ал ортодо Нарын районунун айрым аксакалдары Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Нариман Түлеевге карата адилет чечим чыгарууну соттордон талап кылышты. Алар талап аткарылбаса, жол тосууга барарын айтышууда.

Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы августта “мэр болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалган. Былтыр жайында Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок депутат ага макул болбой, шаардык сотко арызданган. Түлеев учурда УКМКнын тергөө абагында жатат. (UEz)

XS
SM
MD
LG