Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Атамбаев диний экстремизмге көңүл бурууга чакырды


Дүйшөмбүдө өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев аймактагы диний экстремизм маселесине көңүл бурду. Ал өз сөзүндө Борбор Азиядагы диний экстремизмдин жайылышы, ар кыл террордук топтордун кирүү коркунучу жана наркотрафик аймактын эң негизги көйгөйлөрү болууда. Мындан улам президент Атамбаев ШКУнун алкагында бул коркунучтарга биргеликте күрөшүүгө чакырды.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө ШКУнун саммити өтүүдө. Ага уюм мүчөлөрү Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай жана Тажикстандын президенттери, Монголия, Түркмөнстан, Иран жана Пакистандын жетекчилери катышууда.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG