Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Нарында митингдин уюштуруучуларын сотко алып келишти


Нарында бүгүн кармалган нааразылык акциясынын үч уюштуруучусун шаардык сотко алып келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” кармалгандардын бири, активист Эркин Асаналиев билдирди. Анын айтымында, учурда аларга каршы административдик мыйзам бузуу беренеси боюнча айып тагылды. Асаналиев тагылган айыпка макул болбой, бул эркиндикти чектөө катары баалоодо.

Бүгүн шаардагы борбордук аянтта электр энергиясына тарифтин көтөрүлүшүнө каршы нааразылык акция өтмөк. Бул боюнча мэрияга кабар берилип, уруксат алынган. Бирок акция башталар алдында милиция кызматкерлери Асаналиев баштаган үч адамды кармап кеткен.

Ал эми Нарын облустук милициясынан бүгүнкү акцияны өткөрүүгө уруксат алынбаганы үчүн анын уюштуруучулары милицияга түшүндүрмө берип жатканын кабарлашты.

Бүгүнкү митингди камактагы Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин тарапкерлери уюштуруп жатканы айтылган. Бирок уюштуруучулар аны четке кагууда.(BkA)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG