Мурда соттолгонун жашыргандыгы үчүн Аксы райондук сотунун судьясы Эрланбек Токтосунов кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-октябрда кол койду.
Токтосуновду жумуштан алуу боюнча Соттор кеңеши сунуш жиберген. (SE)