Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Баткенде миңдей адам аты-жөнүн өзгөрттү


Бир эле Баткен районунда быйыл жыл башынан бери 950 адам аты-жөнүн өзгөрткөнүн “Азаттыкка” райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Омошева билдирди.

Ысымы менен фамилиясын өзгөрткөндөр арасында Орусияда жүрүп, кара тизмеге түшүп калгандар көпчүлүктү түзүп жатат. Алар аты-жөнүн алмаштырып, кайра иштеш үчүн аталган өлкөгө кетүүдө. Андан сырткары, “кызы” же “уулу” деген фамилиядагылар да чет элге барып иштөө максатында тегин –ов, -ова деп өзгөртүүдө.

Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн жылы Баткен облусу боюнча үч миңден ашуун жаран аты-жөнүн алмаштырган. (JsA)

XS
SM
MD
LG