Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Аба ырайы


Чукул эскертүү:

24-25-ноябрга чейин күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265- чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150- чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары) жолдорунда кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Аба ырайы:

23-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактардын жолдорунда тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз 4...9;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3...-8, күндүз 4...9;

Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 6...11;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 7...12;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6;

Нарын облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6

Бишкекте 23-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5 градус, күндүз 7...9 градус болот.

XS
SM
MD
LG