Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Аятолла Хаменеи: Батыш Иранды чөгөлөтө албайт


Ирандын жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи Батыш өлкөлөрү анын өзөктүк программасына байланыштуу Тегеранды баш ийдире албайт деп билдирди.

Бир күн мурда Иран менен алты дүйнөлүк держава ортосундагы сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз болду. Тараптар ортосундагы макулдашууга жетүү боюнча убакыт 24-ноябрга караган түнү аяктады. Эми сүйлөшүүлөр кийинки жылдын 1-июлуна чейин улантылаары жарыяланды.

Сүйлөшүүлөр кийинки жылга калганы белгилүү болгондон кийин Иран президенти Хасан Роухани Тегеран бул ирет жеңишке жетишкенин жана эртели-кечпи макулдашуу жетишилерин билдирди.

XS
SM
MD
LG