Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:46

Бишкекте чек ара маселеси талкууланат


Уюштуруучулардын маалымдашынча тегерек үстөлдө Кыргызстандын чек арасынын Бажы биримдигине киргенден кийинки акыбалы талкууга алынмакчы. Иш-чарага КР Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Искендер Маматалиев, чек араны делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров, ЖК депутаттары, УКМК өкүлдөрү, тиешелүү эксперттер катышат. Алар Кыргызстандын чек ара маселеси жаңы шарттарда, тагыраак айтканда, өлкө Бажы биримдигине киргенден кийинки учурда кандай болорун талкуулашат.

Байкоочулар Кыргызстандын чек ара маселелеринин ичинде терроризм коркунучу, реэкспорт, маңзат ташуу сыяктуу көйгөйлөр өлкөнүн Бажы биримдигине кирүү алдында чечилбей кала берип жатканын, бийлик азырынча экономикалык кызыкчылык жаатында гана сөз кылып жатканын айтып келишет .(ZKo)

XS
SM
MD
LG