Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Электр энергияcы жана жылуулукка жаңы тариф 1-декабрда күчүнө кирет


Кыргызстанда электр энергиясы жана жылуулукка жаңы тарифтер 1-декабрдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөткө караштуу Мамлекеттик отун-энергетикалык комплекс департаментинин жетекчи орун басары Миргүл Айдарова билдирди. Анын айтымында, электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 кВт саатка чейин электр кубатын пайдалангандарга 70 тыйындан, андан ашкандарга 1 сом 20 тыйындан төлөө каралган.

Ал эми жылуулук үчүн тариф турак-жайдын аянтына жараша эсептелип, 917 сомдон башталат. Бул мурунку тарифке караганда 28 пайыз кымбат.

Энергетика министрлиги жаңы тарифтердин долбоорун 14-октябрда коомдук талкууга алып чыккан болчу. Андан мурун электр кубатын 3 фазада колдонгондор 70 тыйындын ордуна 1 сом 20 тыйындан төлөөнү караган тариф сунушталып, бирок сот аны мыйзамсыз деп тапкан соң өкмөт жокко чыгарган. (BkA)

XS
SM
MD
LG