Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Укук коргоочулар бийликти мигранттарга көңүл бурууга чакырды


Бишкекте миграция күнү белгиленди.
Бишкекте миграция күнү белгиленди.

Эл аралык миграция уюму бейөкмөт мекемелер менен бирге бүгүн Бишкекте мигранттар күнүн белгилөөдө.

Бул күнгө байланыштуу эски аянтта атайын акция өткөрүштү. Анда асманга 650 шар учурулду. Ак түстөгү шарлар соңку жылдары каза болгон мигранттардын санын, кызыл түстөгүлөрү адам сатуучу алдамчылардын торуна илингендердин санын түшүндүрөт. Иш-чаранын максаты - коомчулуктун көңүлүн глобалдык проблемага айланып бараткан мигранттар өлүмүн азайтууга буруу.

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова өкмөттүн мигранттарга арналган атайын программасы жок экенин сындады. Укук коргоочулар бийликтегилерди мигранттарга көңүл бурууга чакырды.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, жыл сайын чет элде каза тапкандардын саны өсүп жатат. 2013-2014-жылдар аралыгында башка өлкөгө иштегени кеткен кыргызстандыктардын арасынан 404 адам түрдүү жагдайда жашоо менен кош айтышкан. (КЕ/ECh)

XS
SM
MD
LG