Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Жогорку Кеңеш кыргыз-орус өнүктүрүү фонду боюнча келишимди жактырды


Бүгүн Жогорку Кеңеш Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду боюнча келишимди үчүнчү окууда талкуулап, ратификациялап берди. Келишимди депутаттардын 66сы колдоду. Өнүктүрүү фонду боюнча келишимге ушул жылдын октябрь айында Бишкекте кол коюлган. Президент Алмазбек Атамбаев бул фонддун Кыргызстандын интеграциялык жараянга кошулуусундагы мааниси чоң экенин белгилеген болчу.

Быйыл 29-майда Астанадагы саммитте Бажы биримдигинин түзүүчүлөрү Орусия, Казакстан жана Беларус Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү мөөнөттөрү жана шарттары боюнча жол картасын кабыл алган. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө жардам берүүгө Орусия убада кылган. Эки өлкөнүн экономика министрлери кол койгон келишимге ылайык, Кыргызстанда Өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага Орусия 1 млрд. доллар бөлмөк болгон. Орус тарап ошондой эле Кыргызстанга 200 млн. доллар грант бөлүүнү чечкен. Фонддун кеңеши беш адамдан турат – үчөө Орусия тараптан, экөө Кыргызстандан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG