Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

АКШ киберчабуулга жооп берүүнүн жолун караштырууда


Вашингтон Sony Pictures компаниясына Түндүк Корея жөнүндөгү комедияны экрандан көрсөтпөө үчүн жасалган жасалган киберчабуулду АКШнын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч деп эсептейт.

Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнесттин 18-декабрда кабарчыларга билдиришинче, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши киберчабуулга пропорционалдуу жооп берүүнүн жолун караштырууда. Эрнест киберчабуулду Түндүк Корея уюштурду деп айта албасын, бирок иликтөө жүрүп жатканын кошумчалады. Ал эми республикачы сенатор Жон МакКейн: "Муну Түндүк Кореяга окшош өлкө жасаганга жарамдуу. Элестетип көрүңүздөрчү, алар Америкадагы жашоонун башка да жактарын бузууга жарамдуу”, - деп билдирди .

Sony Pictures компаниясын өзүн “тынчтыктын сакчылары” деп атаган хакерлер тобу 2001-жылдын 11-сентябрындагыдай окуялар кайталанышы мүмкүн деп коркуткандан кийин “Интервью” деп аталган комедия кинотеарларда көрсөтүлбөй токтотулган. Фильм Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга каршы уюштурулган кутум жөнүндө. Расмий Пхенян 24-ноябрдагы киберчабуулга тиешеси жок экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG