Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Amnesty International Пакистан бийлигинин чечимине тынчсызданды


Эл аралык Amnesty International уюму Пакистандагы 500гө жакын адамды өлүм жазасына тартуу чечимине тынчсыздануусун билдирди. Уюм тараткан билдирүүдө мындай чечим жарандарды талибдердин зордук-зомбулугунан коргоо үчүн жардам бере албайт.

Уюмдун Азия-Тынч океан аймагы боюнча директорунун орун басары Дэвид Гриффитс 22-декабрда “көп сандагы адамды өлүм жазасына тартуу, тынч жарандардын коопсуздугун сактамай тургай, өлкөдө зордук-зомбулуктун деңгээлин жогорулатышы мүмкүн” деп билдирди.

Пакистан бийлиги терроризм үчүн айыпталып, өлүм жазасы өкүм кылынган беш жүзгө чукул адамды дарга асуу жакынкы жумаларда аткарыла баштарын билдирген.

Премьер-министр Наваз Шариф өлүм жазасына коюлган мораторийди мектепке болгон чабуулдан соң алдырып салган. Буга 16-декабрда Пешавардагы мектепке жасалган террордук чабуул себеп болду. Анда 140тан ашык киши, анын ичинде 132 окуучу мерт кеткен.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG