Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Алымбек датканын 215 жылдыгын өткөрүүгө макулдук берилди


Парламенттин адам укуктары, Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети Алымбек датканын 215 жылдыгын өткөрүү тууралуу токтомдун долбоорун жактырды. Комитет жыйынында айтылгандай, Жогорку Кеңештин төрагасынын атына Алымбек датканын мааракесин өткөрүү тууралуу 243 кишинин колу коюлган өтүнүч кат түшкөн. Токтом кабыл алынса мааракени өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, Алымбек датка тууралуу тарыхый китеп жазылып, илимий конференциялар өткөрүлмөкчү.

Иш-чаралар 2015-жылы болот.

Алымбек датка Кокон хандыгынын тушундагы Алайлык кыргыздардан чыккан чыгаан мамлекеттик ишмер болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG