Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:36

Палестина Эл аралык кылмыш сотуна кирүү үчүн БУУга кайрылды


Палестин автономиясы Бириккен улуттар уюмуна кайрылып, Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутуна кирүү боюнча документтерин тапшырды.

Палестин автономиясынын БУУнун алдындагы туруктуу өкүлү Рияд Мансур жума күнү бул аларга Израилди палестиналыктарга карата аскердик кылмыш кылды деп айыптоого мүмкүндүк берерин айтты.

Ошондой эле палестиналыктар аталган сотто Израиль Палестин аймактарына курулуш куруп жатканын да козгойт деди Мансур.

Анын айтымында, Эл аралык кылмыш соту 60 күндүн ичинде бул маселе боюнча чечим кабыл алышы керек. Эгер оң жооп келсе, Палестина аталган соттун 123-мүчөсү болуп калат.

Израиль болсо эгер Палестина Эл аралык кылмыш сотуна кирүү үчүн БУУга кайрыла турган болсо тишелүү жообун берерин эскерткен. АКШ да Палестинанын аталган сотко киришине каршы болуп келет.

XS
SM
MD
LG