Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

Бишкекте журналисттердин эл аралык фотокөргөзмөсү башталды


Бүгүн Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде World Press Photo-2014 аталышындагы фотокөргөзмө ачылат. Ага дүйнө жүзүндөгү фотожурналисттердин эмгектери коюлат. Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмөдө 2014-жылдын февраль айында Амстердамда аталган сынактын финалында мыкты деп тандалган 140 сүрөт көрсөтүлөт.

World Press Photo – эл аралык сынак. Анда дүйнө жүзүндөгү фотожурналисттер тарткан сүрөттөрдүн мыктылары аныкталат. Жылына абройлуу фотограф жана фоторедакторлордон түзүлгөн калыстар тобу келип түшкөн сүрөттөрдү тогуз категория боюнча сындан өткөрүшөт.

Өткөн жылы сынакка 124 мамлекеттен 5666 автордун 103 миң фотосүрөтү жиберилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG