Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Кумтөр өткөн жылы 18 тоннадан ашуун алтын өндүрдү


Алдын ала божомол маалыматтар боюнча Кумтөр өткөн жылы 18-20 тоннанын тегерегинде алтын өндүрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын директору Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, учурда декабрь айында өндүрүлгөн алтындар аффинаждалууда.

“Так эсеби февраль айында билинет. Мурдагы жылы Саруудагы окуялар, саясий кырдаалдан улам нормадан 7 тоннадан аз алтын өндүрүлгөн. Былтыр иш өз калыбында жүрдү. Саясий кырдаал тынч болсо эле 20 тоннага чейин алтын өндүрүүгө болот”, деди Мамытов.

Мурдараак "Кыргызалтындын" жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров быйыл Кумтөрдөн алтын өндүрүү азайып, 16 тонна казылары пландалганын айткан. Мындан сырткары алтындын баасы түшүп кеткенине байланыштуу “Кумтөрдө” жумушчулардын саны кыскарары күтүлүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG