Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

Кызылчанын жайылышына каршы иш-чаралар өтүүдө


Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, министр Талантбек Батыралиев кечээ, 23-январда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү менен жолуккан. Анда кызылча оорусунун өсүшү жана эпидемияга каршы зарыл иш-чаралар талкууланды. Иш-чарада өлкө боюнча балдарды эмдетүү өнөктүгүн өткөрүү сунушталды.

Кыргызстанда ушу тапта 689 бала кызылча жуктурду деген күмөн менен адистерге кайрылган жана алардын 318и бул ооруну жуктурганы лабораториялык анализдерден кийин тастыкталган.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык кызматтын маалымдоосу боюнча, кызылчанын генотиби Орусия менен Казакстандагы илдетке дал келгендиктен, оорунун күчөшүнө миграция жана ата-энелердин балдарын эмдетүүдөн баш тартуусу болуп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG