Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

“Ислам мамлекети”: барымтадагылар 24 сааттын ичинде жок кылынат


 Барымтадагы япон журналисти Кэндзи Гото
Барымтадагы япон журналисти Кэндзи Гото

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери барымтадагы япон жана иордан жарандарын 24 сааттын ичинде жок кыларын билдирди.

Шейшембиде интернеттеги жихадчыл сайттардын биринде япон журналисти Кэндзи Гото жана иорданиялык учкуч Мааза аль-Кассасбеханын сүрөттөрүн чагылдырган видео тасма чыкты. Кадр сыртындагы Готонуку деп болжолдонгон үн “эгер Иордан бийлиги камактагы ирак жараны Сажида ар-Ришавини бошотушпаса, алар жок болоорун” айтууда.

Сажида ар-Ришави теракт уюштурууга аракет кылган деген айып менен кармалган, “Аль-Каида” уюмунун мүчөсү деп шектелген ирактык аял.

Кэндзи Гото 20-январда Сирияда япон ишкери Харуна Юкава менен биргеликте барымтага түшкөн. Юкаванын башы согушкерлер тарабынан 24-январда алынган.

Мааз аль-Кассасбех “Ислам мамлекети” уюмуна каршы жүргүзүлүп жаткан АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн барымтага түшкөн биринчи өкүлү.

“Ислам мамлекети” радикалдык уюму 2014-жылдын жай айларынан бери Сирия жана Ирактын басымдуу бөлүгүн өз карамагына алды.

XS
SM
MD
LG