Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Qatar mining Кыргызстандын кен байлыктарына кызыгууда


Qatar mining компаниясынын башчысы Мухаммед Мубарак ал-Шахуани бүгүн, 17-февралда эки күндүк иш сапар менен Кыргызстанга келет. Ишкер Кыргызстандагы инвестициялык климат жана экологиялык абал менен таанышат.

Катардын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, ал-Шахуани Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жана “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчилиги менен да жолугат.

Qatar mining компаниясы Катар мамлекеттик инвестициялык башкармалыгына карайт. Негизинен алтын жана башка тоо-кен өндүрүшү багытында иш жүргүзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG