Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:07

Мамдуманын спикери Индияны ШКУга кабыл алууга чакырды


Сергей Нарышкин
Сергей Нарышкин

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Сергей Нарышкин Кремль ушул жылы Индиянын Шанхай Кызматташтык уюмуна (ШКУ) толук кандуу мүчө болуусун колдой турганын билдирди.

Нарышкин 27-февралда Нью-Делиде "июль айында Уфа шаарында өтө турган саммитте Индиянын уюмга толук кандуу кирүүгө берген арызынын оң чечилиши үчүн Орусия бардык зарыл кадамдарды жасай турганын” айтты. Индияда эки күндүк иш сапарда жүргөн спикер “Индия ШКУда байкоочу катары активдүү роль ойноп жатканын” белгиледи.

ШКУ - 1996-жылы Шанхай шаарында Кытай менен жалпы чек арасы бар Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирген уюм болуп түптөлгөн. 2001-жылы Өзбекстан ага кошулган.

Учурда Ооганстан, Пакистан, Иран, Монголия жана Индия уюмга байкоочу болсо, Түркия, Беларус жана Шри-Ланка сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG