Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:34

Кызамыкка каршы массалык эмдөө башталат


Кызамык жана кызылча ооруларына каршы 16-28-мартта өлкө боюнча массалык эмдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Анарбек Алимахунов “Азаттыкка” билдирди.

Улуттук эмдөөнүн 1-баскычында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун 7 жаштан 20 жашка чейинки жарандары эмдөөдөн өтөт. 2-баскычта калган облустардын 1 жаштан 20 жашка чейинки атуулдары эмделет.

Кыргызстанда 1 жаштан 20 жашка чейинки эмдөө жашындагы 2 миллион 307 миң киши бар. Аларды эмдөө үчүн Индиядан 34,4 млн. сомго вакцина алынган. Учурда Кыргызстанда кызамык жана кызылча илдетин жуктуруп алгандардын саны 9 миңге жетти. (UEz)

XS
SM
MD
LG