Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Эшек сойгон ишкана ээлерине кылмыш иши козголду


Бул тууралууу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 600дөн ашык эшекти сойгон “Кайтал” ишканасынын жетекчилерине мыйзамсыз ишмердик жүргүзүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда эшек эттери боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалып, оперативдик иликтөө иштери уланып жатат.

24-февралда КТРКнын журналисттери Сокулуктун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде жүздөгөн эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканын, эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан. Бирок бул иш менен алектенген ишкана эттин бир да килограммы Кыргызстанда сатылган эмес деп ишендирүүдө. Алардын айтымында, эшек эттери түрк компаниясы менен келишимдин негизинде Гонконгго жөнөтүүгө даярдалып жаткан. Учурда 601 эшектин эти муздаткычтарда сакталып турат. Ал эми эшектин баш-шыйрактары иттерге берилген. (UEz)

XS
SM
MD
LG