Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Иракта Тикрит шаары курчоого алынууда


Иракта өкмөттүк күчтөр Тикрит шаарында "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлерин курчоого алышууда.

Багдаддан 130 чакырымдай түндүктө жайгашкан Тикрит шаарына армия эки күндөн бери сокку урууда. Ирактын согуш учактары жана тикучмалары коштогон операцияга 30 миңдей аскер тартылган. АКШнын куралдуу күчтөрү алардын үчтөн экиси Ирандан келген шиит согушкерлери экендигин билдирүүдө. Ирактын аскер башчылары бүгүн өкмөт күчтөрү акырындык менен алгалап бараткандыгын, жылышка жолдо орнотулган бомбалар жана көзгө атарлар жолтоо болуп жаткандыгын айтышты.

XS
SM
MD
LG