Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

Хожентте "иран жана ооган" стилиндеги кийимге тыюу салынды


Хижабчан тажик кыздары
Хижабчан тажик кыздары

Тажикстандын түндүгүндөгү Хожент шаарынын мэриясы "иран жана ооган стилинде" даярдалган кийимдерди саттырбоо максатында рейд жүргүзүүнү буйруду. Хоженттин мэри Радджаббой Ахмадзода Согди облусунун бийлигин жергиликтүү базарларда жана соода түйүндөрүндө аталган стилдеги кийим-кечелердин сатылбашына көз салууну талап кылды.

Хоженттин мэри шаардык администрациянын отурумунда сүйлөгөн сөзүндө аялдарды тажик улуттук стилдеги кийимдерди кийүүгө чакырды.

Марттын башында тажик президенти Эмомали Рахмон да акыркы убакытта "тажик маданиятына жана салттарына ылайык келбеген" кара түстөгү кийим кийген аялдар пайда боло баштаганын айткан. Укук коргоочулар тажик бийлигин мындай билдирүүлөрү үчүн сындап чыгышкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG