Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

"Центерранын" өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр өтүүдө


Ушул тапта "Центерра Голддун" делегациясы менен "Кыргызалтындын", өкмөттүн, министрликтер, ведомстволордун өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү өтүп жатат. Бул сүйлөшүүлөргө кыргыз өкмөтү менен "Центерра" жалдаган эл аралык юридикалык, экологиялык, финансылык, өндүрүштүк компаниялардын өкүлдөрү да катышууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кыргызалтындын" башчысы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, учурда "Центерранын" эл аралык экологиялык компаниянын сунуштарын аткаруусу боюнча маселелер талкууланып жатат. Мамытов эртең аяктай турган сүйлөшүүлөр маалында бир жыйынтыкка келишсе, тараптар биргелешкен билдирүү жасашарын кошумчалады.

- Кумтөрдүн запасын 50 тоннага азайтуу тууралуу талкуулар сүйлөшүүлөр процессине чоң таасирин тийгизди. Мурда жактаган меморандумдун жоболорун кайра карап чыгууга муктаж болуп жатабыз. Финансы чыгашалар да, дивиденддер да өзгөрүлүп жатат.

"Центерранын" өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр 23-мартта башталган.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча кыргыз өкмөтү Канаданын Centerra Gold Inc ишканасы менен орток пикирге келе албай жатканына бир жылдан ашты. Мурдагы өкмөт 50/50 пайыз үлүш менен иштетүү келишимин сунуш кылып, парламент колдоп берген. Бирок азырынча натыйжа чыга элек. (ZMa)

XS
SM
MD
LG