Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Парламенттин иш башкаруучусу “Майдан” гезитин сотко берди


Жогорку Кеңештин иш башкаруучусу Алмаз Кожомкулов коомдук-саясий “Майдан” гезитин сотко берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” басылманын башкы редактору Нургазы Анаркулов билдирди. Анын айтымында, Кожомкулов 2014-жылдын декабрь айында гезитке басылган “Асылбек Жээнбеков ким?” аттуу сурамжылоо үчүн Жарандык кодекстин 18-беренесине ылайык сотко берген. Ал редакциядан 100 миң сом доо талап кылууда.

- Сурамжылоодо саясатчылар жана коомдук ишмерлер Жээнбековдун жумушуна ар кандай баа беришкен. Биз түшүнбөй жатабыз. Макалада спикердин ишмердүүлүгү тууралуу пикирлер камтылган. Кожомкулов жөнүндө сөз да болгон эмес. Бирок иш башкаруучу “кадыр-баркыма шек келтирди” деп арыз жазыптыр, - дейт Анаркулов.

Башкы редактор муну спикер Асылбек Жээнбековдун буйругу экенин божомолдоп жатат. Бул боюнча Алмаз Кожомкулов комментарий бере элек.

Иш 1-апрель күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда каралат.(SE)

XS
SM
MD
LG