Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:27

Саудия баштаган коалиция Йемендин аймагына кайрадан сокку урду


Аба соккуларынан кийинки көрүнүш. Санаа аэропортунун жаны, 31-март, 2015-жыл.
Аба соккуларынан кийинки көрүнүш. Санаа аэропортунун жаны, 31-март, 2015-жыл.

Коалициянын аскерий учактары хусит согушкерлеринин буталарына бүгүн алтынчы күн катары менен сокку урса, ал эми аскерий кемелер согушкерлер колундагы аэропортту жана порттук Аден шаарынын чет жакасын биринчи ирет аткылашты.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, кечээги жана бүгүнкү аба соккулар Иран колдогон хусит согушкерлеринин курал кампаларын жана алардын борбор –Санаа шаарынын жанындагы лагерлерин бутага алган.

Санаа шаарынын тургундары соңку аба соккуларын шаар буга чейин бомбалоонун эң ургалдуусу катары мүнөздөштү.

Бул аралыкта Иран Йеменге гуманитардык жардам жөнөткөнүн билдирди.

Мамлекеттик ИРНА агенттигинин кабарына караганда, жалпы көлөмү 21 тонна келген жүк учак менен жеткирилди. Бирок учак кайсыл жерге конгону айтылган жок.

Кытай болсо бүгүн аскерий кемелери Йеменден алардын 570 жаранын эвакуациялоону аяктаганын жарыялады. (UE)

XS
SM
MD
LG