Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү үчүн Орусия 200 миллион доллар жардам берет


Макулдашууга бүгүн Бишкекте Кыргызстандын каржы министринин орун басары Мирланбек Байгончоков менен Орусиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчак кол койду.

Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтин маалымдашынча, бул каражат Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө даярдык көрүү үчүн берилүүдө.

Мындан тышкары, кыргыз-орус өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн бүгүнкү брифингде жакынкы күндөрү Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун эсебине дагы 50 миллион доллар акча которулары айтылды. Өткөн жылдын аягында фондго 100 миллион доллар которулган эле. Ошентип, бул жылдын аягына чейин фонддун капиталын 350 долларга, кийинки 2016-жылдын аягына чейин 500 миллион долларга чейин жеткирүү пландалууда.

Жолугушууда аталган фонддун жетектөөчү органынын курамы, иштөө принциптери жана негизги багытты аныктоочу ченемдик документтери талкууланды. (AzK)

XS
SM
MD
LG