Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

"Бир дүйнө Кыргызстандын" адвокаттары суракка чыкырылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бир дүйнө Кыргызстан” кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, бүгүн кыймылдын адвокаттары Хусанбай Салиев менен Валерьян Вахитовду Ошто УКМК чакыртып, алар сурак берип жатышат.

31-мартта алар маалымат жыйын куруп, кеңсесин, үй жайын тинтүүгө уруксат берген соттун чечими мыйзамсыз экенин, УКМК алардын көп жылдар бою иликтеп келген материалдарын толугу менен алып кеткенин сындап, бул окуя боюнча Башкы прокуратурага кайрылышкан.

27-мартта атайын кызмат "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жумушка байланыштуу документтерди, компьютерлерди, маалыматтар сакталган флешкаларды алып кетишкен. УКМК кыймылдын кеңсесиндеги тинтүүнү Ош шаарында кармалган АКШ жараны Умар Фарукка байланыштырып, ал тиешелүү уруксат албастан облустагы диний кырдаал тууралуу маалымат топтоп жүргөнүн билдирген. Ош шаардык соту 28-мартта Умар Фарукту Кыргызстандан депортациялаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG