Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:39

Киев Михаил Саакашвилини Грузияга бербейт


Экс-президент М. Саакашвили Concordia саммитинде сүйлөөдө. Нью-Йорк, 29-сентябрь 2014
Экс-президент М. Саакашвили Concordia саммитинде сүйлөөдө. Нью-Йорк, 29-сентябрь 2014

Украинанын Башкы прокуратурасынын 1-апрелде билдиришинче, Грузиянын мурдагы президентине кылмыш иши саясий жүйөдөн улам козголгон деп билет жана “Саакашвилини экстрадициялоо Адам укуктарын жана негизги эркиндиктерди коргоо боюнча 1950-жылкы конвенцияга каршы келет”.

Саакашвили 2003- 2013-жылы Грузиянын президенти болгон, бир катар реформаларды жүргүзгөн.

Грузия өкмөтү аны бийлик укугун натуура пайдаланган, бюджеттик акчаны коромжу кылган, оппоненттерине кол салууларды уюштурган деп, издөө жарыялаган. Саакашвили өзү мунун баарын куру доомат дейт. Ал февралдан бери Украинадагы Реформалар боюнча эл аралык консультативдик кеңешти жетектейт.

XS
SM
MD
LG