Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Оштун жаш ишкерлери экономика министри менен жолугушту


Оштогу жаш ишкерлер ассоциациясы министр менен Ошто жолугушуп, ЕАЭБ күчүнө кирер алдында экономикалык абалдын өзгөрүшүн талкуулашты. Министр менен бейформал жолуккан жаш ишкерлер салык саясаты, чиновниктер арасындагы коррупция, аткезчиликтин ишкердикке тийгизип жаткан таасирлери боюнча сунуштарын айтышты.

Темир Сариев Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жакшыртуу үчүн жаш ишкерлерди да эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, ЕАЭБ күчүнө киргенге чейин кампаларына товарларды толтуруп алууга чакырды.

Министр менен жолугушууга Ош, Жалал-Абад облусунан жана Кызыл-Кыя шаарынан ар кандай тармактагы жаш ишкерлер келишкен. Жолугушуу Оштогу ЖИА уюму тарабынан уюштурулган. (YI)

XS
SM
MD
LG