Орусиячыл жикчилдер аткан октон Мариупол шаарына жакын аймакта бир украин аскери мерт кетип, экөө жараат алды. Окуя бүгүн, 25-апрелде болгонун жергиликтүү булактар Украинанын күч түзүмдөрүнө таянып, кабарлады.
Украин өкмөтү жана Донбасстагы орусиячыл күчтөр ок атууну баштады деп бири-бирин күнөөлөп жатат. Маалыматтарга ылайык, ишембиге караган түнү бир катар ракеталык аткылоолор болгон.
Быйыл февралда Минск шаарында тынчтык келишими түзүлгөндөн бери бир канча жолу атышуулар болду. (SE)