Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Казакстанда кырылган бөкөн-жейрендердин саны 85 миңге жетип калды


Кырылган бөкөн-жейрендердин сөөгүн жергиликтүү бийликтер талаадан терип, чогултууда.
Кырылган бөкөн-жейрендердин сөөгүн жергиликтүү бийликтер талаадан терип, чогултууда.

Бул тууралуу бүгүн Казакстандын айыл чарба министрлиги маалымдады. Кырылган жапайы жаныбарлардын сөөгү өлкөнүн түндүгүндөгү үч облустун аймагынан табылууда.

Мунун себептери азырынча толук анык эмес. Бирок бийликтер бөкөн -жейрендер арасында аба аркылуу жуккан жана пасстерилёз деп аталган инфекция тараган деп болжолдоодо.

Буга дейре Костанай облусунда, 2012-жылы да миңдей бөкөн-жейрен кырылган. Жаратылышты коргоочулар анда бул көрүнүштү Байкоңур космодромундагы учуулардын зыянына байланыштырган эле.

Соңку кездери Орусиянын уулуу отун колдонулган Протон-М ракеталарынын бир нечеси Байкоңурдан учурулгандан кийин жарылып кеткен.

Бул окуялар жергиликтүү тургундарды, экологдорду камтамага салган. (UE)

XS
SM
MD
LG