Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

ЕБнын Чыгыш өнөктөштүгү саммити пикир келишпестик менен коштолду


Чыгыш өнөктөштүгү саммити. Рига, 22-май, 2015-жыл.
Чыгыш өнөктөштүгү саммити. Рига, 22-май, 2015-жыл.

Латвиянын борбору Ригада бүгүн аяктап жаткан саммитке Евробиримдиктин 28 өлкөсү жана Чыгыш өнөктөштүгү программасына тартылган Украина, Грузия, Молдова, Азербайжан, Армения, Беларус катышты.

"Азаттыктын” Ригадагы кабарчысы билдиргендей, Чыгыш өнөктөштүгү программасына кирген өлкөлөр ортосундагы пикир келишпестик саммиттин жыйынтык декларациясында Орусиянын Крымды аннексиялоосу, Тоолуу Карабактын макамы өңдүү маселелердин камтылышынан улам чыккан.

Еврошаркеттин президенти Дональд Туск биргелешкен декларация айланасындагы “эмоцияларды”, “абдан табигый” деп атап, муну аймактагы “оор кырдаалга” байланыштырды.

Маселен жыйынтык документте Крымдын аннексиясын “мыйзамсыз” деп атоого Орусиянын жакынкы өнөктөштөрү Армения менен Беларус каршы болгон.

Мындан улам бул маселе декларацияда “Крымдын мыйзамсыз аннексиясына карата турумун саммиттин катышуучуларынын баары эле ырастаган жок”,- деп көргөзүлдү.

Евробиримдиктин президенти Дональд Тусктун айтымында, Чыгыш өнөктөштүгүнө тартылган өлкөлөрдүн баары Еврошаркет алар үчүн виза режимин либералдаштыруусунун маанилүүлүгүн белгилешкен.

Украина, Грузия, Молдова, Азербайжан, Армения, Беларустун ичинен Евробиримдик өлкөлөрүнө азыр Молдова жарандары гана визасыз бара алат.

Жыйынтык декларацияда саммиттин катышуучулары “кызыкдар өнөктөштөрдүн европалык мүдөөсүн жана европалык тандоосун тааныйт",- деп айтылышы Украина, Грузия, Молдованын жеңиши катары бааланууда.

Эски совет аймагынан Чыгыш өнөктөштүгү программасына тартылган алты өлкө арасынан ушул үчөө Еврошаркет менен тыгыз интеграцияны абдан каалайт. (UE)

XS
SM
MD
LG