Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

Арктикада биргелешкен машыгуу башталды


Арктикада АКШ менен Европанын сегиз өлкөсүнөн жүз аскерий учак жана төрт миң аскер катышкан биргелешкен машыгуу башталды. Норвегиянын, Швециянын жана Финляндиянын түндүк райондорунда өтүп жаткан бул машыгуу биргелешип аракеттенүүнү текшерүү максатын көздөйт.

Норвегиялык генерал Йан Ове Ригг машыгууда "абадагы татаал операциялар" шартында биргелешкен аракет жана НАТО боюнча кызматташтык иштелип жатканын айтты. Бул машыгуу быйыл Европада өтүп жаткан эң ири машыгуу катары эсептелүүдө.

XS
SM
MD
LG