Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Жети-Өгүздө оор кылмышка шектелген эки адам кармалды


Жети-Өгүздө оор кылмыш жасаган деген шек менен эки киши кармалганын бүгүн Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына караганда, алар 2-майда Кызыл-Суу айылында дүкөндөрдүн бирин карактап, андан соң 27 жаштагы сатуучу кызды зордуктаган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр дүкөндүн ээсин өлтүрүүгө да аракет кылганы, бирок аларга кыйкырыктардан улам көчөгө чыккан кошуналар тоскоол болгону аныкталды.

Карактоо учурунда дүкөндөн жалпы баасы 100 миң сомдон ашык товар уурдалган. (ASa)

XS
SM
MD
LG