Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Пакистан: Полиция акцияга чыккандарды күч менен таратты


Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан аймагынын борбору Кветтада нааразылык акциясына чыккан жүздөгөн адамдарды полиция күч менен кууп таратты.

Акцияга чыккандар 19 адамдын өмүрүн алган кол салууга каршы бийликтин аракетсиздигине нааразылык билдирүүдө. 29-майда Кветтадан 40 чакырым алыстыкта белгисиз адамдар эки автобуска кол салган. Анда 19 адам өлтүрүлүп, 20дан ашыгы барымтага алынган. Окуяга күбө болгондор кол салуу этникалык мүнөздө болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Себеби автобуска кол салган аскер кийимчен адамдар пуштун улутундагы жүргүнчүлөрдү өлтүрүп, белуждарга тийген эмес.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч бир топ ала элек.

Иран жана Ооганстан менен чек аралаш Белужистан провинциясында ислам согушкерлери, суннит экстремисттери жана белуж жикчилдери өтө активдүү.

XS
SM
MD
LG