Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Кыргызстанга Түштүк Кореядан дарыгерлер келди


27-июлдан 30-июлга чейин Түштүк Кореянын Пусан шаарынан ийне терапиясы боюнча адистешкен догдурлар Бишкекте өнөкөт оорулууларды кабыл алат.

Кореядан келген ыктыярдуу топ Камбожа, Орусия, Вьетнам жана Өзбекстанды да кыдырып жүрөт. Кыргызстанга ийне терапиясына, Чыгыш медицинасына адистешкен 15 дарыгер келди. Алар артрит, муун оорулары, баш оорусу, айыз учурундагы оорулар, уйкусуздук, кулактагы үн, баш айлануу, ашказан, гастрит, нерв ооруларын текшерип, акысыз дарылашат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Корей дарыгерлери эки топко бөлүнүп ооруларды кабыл алууда. Биринчиси Адистерди кайра даярдоо жана адистигин жогорулатуу институтунда (Бөкөнбаев көчөсү, 144-үй), экинчиси Ташдөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунда өтөт. (BCh)

XS
SM
MD
LG